Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Иран Президенти Хасан Рухани Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Сизди Кудайга берилгендиктин жана Кудайдын чексиз боорукерлигинин белгиси болгон жаркын Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Кудайдан Сизге ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын достук мамиледеги боордош элине бакыт-таалай жана бакубатчылык тилейм», — деп айтылат Иран Президентинин куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 31-июль