Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Беларусь Президенти Александр Лукашенко Президент Сооронбай Жээнбековду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.

«Бардык беларус элинин жана өзүмдүн атыман Сизди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.

Улуу Жеңишке алып келген согуш тааласындагы ата-бабаларыбыздын эрдиги, ошондой эле ооруктагылардын тайманбас эмгеги биз үчүн түгөнгүс сыймыктын булагы, чексиз патриоттуулуктун жана Ата Мекенге болгон сүйүүнүн үлгүсү болуп кала бермекчи.

Биздин биргелешип фашизмди жеңгенибиз мындан ары да эки тараптуу мамилелерди өркүндөтүүгө өбөлгө болоруна ишенемин.

Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мындан ары да мамлекетти чыңдоодо ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалаймын», — деп белгиленет Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун куттуктоосунда.

2020-жыл 9-май