Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу өз ара кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле региондо коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө маселелери козголду.

2020-жыл 27-март