Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын согуштан кийинки социалдык-экономикалык калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу жана 2020-жылы анын туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо максатында токтом кылынат:

И. Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

— бир айлык мөөнөттө И. Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

— аталган планды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл финансылык каражаттарды бөлүүнү кароо.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2020-жыл 10-январь