Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын, ИӨБ, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын ортосундагы «Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы» долбоорунун ТЭН даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын ортосундагы „Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы“ долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 2-декабрь