Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Пакистан Президенти Ариф Алви Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоо мага зор кубаныч тартуулайт. Пакистан менен Кыргызстандын ортосунда күчтүү тарыхый, маданий жана диний жакындыкка негизделген тыгыз жана бир туугандык мамилелер бар. Ал мамилелерди мындан ары да көптөгөн тармактарда өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Эки өлкөнүн ортосунда болуп келген мыкты карым-катнаштар жакынкы жылдарда да эки мамлекеттин элинин жыргалчылыгы үчүн бекемделе берерине ишенемин», — деп белгиледи Ариф Алви.

2019-жыл 31-август