Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын экс-президентинин ишмердигин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 27-ноябрында «Кыргыз Республикасынын экс-президентинин ишмердигин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн бекем негизди түзүүгө кошкон зор салымын эске алып, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ишмердигин камсыз кылуу максатында токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен өз ара аракеттенип Кыргыз Республикасынын экс-президенти А. Ш. Атамбаевге төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө ай сайын акчалай күтүүнү;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Клиникалык ооруканасында Кыргыз Республикасынын экс-президентин жана анын жубайын акысыз медициналык тейлөөнү;

3) коопсуздуктун тиешелүү деӊгээлин кармап туруу учун зарыл болгон ресурстарды жана персоналды бекитип берүү, ошондой эле техникалык тейлөөнү берүү жана белгиленген өлчөмдөгү күйүүчү- майлоочу материалдарды бөлүп берүү менен кызматтык автотранспортту;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк байланышты жана мамлекеттик бийликтин органдарында, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда болгон байланыштын башка түрлөрүн (анын ичинде Интернетке кошулууну) акысыз пайдалануу укугун жана байланыш кызматын кезексиз алуу укугун;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясындагы мамлекеттик дачаны берүүнү жана аны өмүр бою пайдаланууга бекитип берүүнү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын экс-президенти А. Ш. Атамбаевге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чаралардын толук көлөмүндөгү мамлекеттик кайтарууну берсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын экс-президенти А. Ш. Атамбаевдин ишмердигин камсыз кылуу боюнча башка чараларды ишке ашырсын;

2) ушул Жарлыктан келип чыккан мамлекеттик органдардын чыгымдарын республикалык бюджетте, анын ичинде 2017-жылдагы республикалык бюджетте карасын.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2017-жыл 27-ноябрь