Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм!

«Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм!», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда элдин суроолоруна жооп берип жатып.

Сооронбай Жээнбеков «бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам» деп убада бербегендигин билдирди.

«Мен элдин ишенимин алып, элдик Президент болом деп убада бергем. Президенттик ишим аяктагандан кийин эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам. Элимдин кызыкчылыгы, мамлекетибиздин кызыкчылыгы мен үчүн баарынан кымбат. Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн. Бирок, Кудай мени элимди, жеримди, мамлекетимди саткандан сактасын», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

2019-жыл 31-июль Панфилов