Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 30-майында кабыл алынган.
Бул Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө кызматтык милдеттерин аткарууда материалдык сыйакы төлөп берүүнүн тартиби жана механизмдери аныкталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.