Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын Химачал-Прадеш штатында жол кырсыгынын кесепетинен көп адамдар каза болгондугуна байланыштуу Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Химачал-Прадеш штатында жол кырсыгынын кесепетинен көп адамдар каза болгондугуна байланыштуу Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтты.

«Индия Республикасынын Химачал-Прадеш штатында жол кырсыгын кесепетинен көп адамдын, анын ичинен аялдар жана жаш балдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бул трагедиянын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, бардык жаракат алган адамдардын айыгып кетүүсүн каалайм. Ушул оор мезгилде орду толгус жоготуу кайгысын кошо тартабыз», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу  телеграммасында.

2019-жыл 20-июнь