Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик администрациялардын башчыларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана ишкерлерди Президенттин энчилүү сааттары менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27 февралда, мамлекеттик администрациялардын башчыларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана ишкерлерди ак ниет эмгеги жана өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушун өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйлады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен төмөнкүлөр сыйланды:

Абдыкулов Улан

Аманбайевич

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылдык кеңешинин төрагасы;

Абдырахманов Уланбек Кадыркулович

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин төрагасы;

Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович

Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;

Болбур уулу Алтынбек

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы;

Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбекович

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы;

Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович

Чүй облусунун Кемин районундагы «Сабирдин» дыйкан чарбасынын жетекчиси;

Курманалиев Дамирбек Сагынбекович

Талас облусунун Талас шаарынын биринчи вице-мэри;

Матажиев Гулам Кудайбердиевич

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылдык кеңешинин төрагасы;

Төрөкулов Чолпонкул Асылбекович

Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;

Таалайбек уулу Хамзат

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну, ишкер;

Солтонов Алкан  Шайлообекович 

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы;

Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич

Нарын облусунун Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчысы;

Усеналиев Талантбек Асангариевич

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы;

Эгембердиев Саатбек Искендерович

Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы.

2019-жыл 27-февраль