Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду.
Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 884 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 708 — чоң адамдар жана 176 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
1 Жарлыгы 709 адамды (анын ичинен 558 — чоң адамдар жана 151 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.