Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-Кат ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу натыйжалардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыккан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу натыйжалардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант №TF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.
Макулдашуунун максаты — бардык райондук ооруканаларга жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын пилоттук уюмдарына Саламаттыкты сактоодогу Жыйынтыктардын негизинде каржылоо (ЖНК) долбоорунун ишин кеңейтүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 7-февраль