Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Президент Сооронбай Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады.

«Жаңы жыл менен эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз!

Ушул жаркын майрам Сиздин үйгө тынчтык жана кубаныч тартуулап, калоо-тилектериңиздин жана Кыргыз Республикасынын, Евразия экономикалык бирликтин жыргалчылыгы үчүн эң масштабдуу долбоорлордун аткарылышына алып келсин.

Келерки жыл Бирлик үчүн абдан маанилүү жыл. Биз ЕАЭБ жөнүндө Келишимге кол коюлгандыгынын беш жылдыгын жана евразия интеграциясынын идеясынын 25 жылдыгын белгилейбиз.

2019-жыл биздин интеграциялык бирикмеде стратегиялык өнөктөштүктү жана өлкөлөр, элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү мындан ары бекемдөөнүн мезгили болушун каалайм.

Сизге чың ден-соолук, кажыбас кайрат жана бакубатчылык каалайм», — деп белгиленет куттуктоодо.

 

2018-жыл 31-декабрь