Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КМШ Аткаруу комитетинин төрагасы — аткаруучу катчысы Сергей Лебедев Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин төрагасы — аткаруучу катчысы Сергей Лебедев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Сергей Лебедев келерки жыл Кыргыз Республикасынын өнүгүшүндөгү жаңы ийгиликтердин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги алкагындагы стратегиялык өнөктөштүктүн бекемделишинин жылы болоруна ишеним билдирген.

Сергей Лебедев Сооронбай Жээнбековго жана жалпы Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады. Ал ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин ишмердигине көңүл бурганы жана колдоосу үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

2018-жыл 31-декабрь