Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Польша Президенти Анджей Дуда Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Польша Республикасынын Президенти Анджей Дуда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Поляк элинин атынан жана өз атымдан Сизге жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына Жаңы жылга байланыштуу эң жакшы каалоолорумду билдирем.

Жаңы жыл бакубатчылыкты алып келсин, ошондой эле биздин мамлекеттер ортосундагы достук мамилелер мындан ары карай өнүгө берсин жана эл аралык коомчулук бекемделе берсин», — деп белгиленет куттуктоодо.

2018-жыл 31-декабрь