Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Келе жаткан 2019-жыл менен менин чын жүрөктөн чыккан жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сизге чың ден-соолук, зор бакыт-таалай жана баардык ишиңизге ийгиликтерди каалайм.

Жаңы жыл Сиз үчүн жана бир тууган Кыргызстан эли үчүн тынчтыктын, бакубатчылыктын жана гүлдөп өнүгүүнүн жылы болсун», — деп айтылат Түркмөнстан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

2018-жыл 31-декабрь