Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Дмитрий  Медведев келерки жыл Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграциялык өз ара аракеттенишүүнүн мындан ары карай тереңдеши менен белгиленерине, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келерине ишеним билдирген.

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев  Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго ден-соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына –бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.

2018-жыл 31-декабрь