Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Анкара-Конья каттамындагы темир жол кырсыгынын кесепетинен Түркиянын көптөгөн жарандарынын курман болгондугуна байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.
«Анкара-Конья каттамындагы темир жол кырсыгынын кесепетинен Түркиянын көп сандагы жарандарынын курман болгондугу тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.
Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.