Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп келди.
7-декабрда Мамлекет башчысы Москва шаарына иш сапары менен барып, кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат.