Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Кабул шаарындагы террордук актыдагы көптөгөн адамдардын курмандыктарына байланыштуу Афганистандын Президенти Ашраф Гани Ахмадзайга көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кабул шаарындагы Мухаммед Пайгамбардын туулган күнүнө карата өтүп жаткан иш-чарадагы террордук актынын натыйжасында көптөгөн курмандыктарга байланыштуу Афганистан Ислам  Республикасынын Президенти Ашраф Гани Ахмадзайга көңүл айтты

«Кабул шаарындагы Мухаммед Пайгамбардын туулган күнүнө карата өтүп жаткан иш-чарада болгон террордук актынын натыйжасында көптөгөн курмандыктарга алып келген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишине тилектештигимди билдирем», -деп белгиленет.

Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

2018-жыл 21-ноябрь