Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Ош облусунда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактары боюнча иш сапарларын улантууда.
Мамлекет башчысы бүгүн, 2-ноябрда эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна келди.
Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков «Ош — Айтматовдун тагдырында» салтанаттуу иш чарага жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган улуттук ат-спорттук оюндарга катышат.
Андан тышкары Мамлекет башчысы Ош облустук мамлекеттик архивдин жаңы имаратынын ачылышына, Аравандагы цемент заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү «Алайку Органикс» ЖЧК заводунун ачылышына катышат.

2018-жыл 2-ноябрь