Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Молдованын Президенти Игорь Додон менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Түркия Республикасынын негизделгендигинин 95-жылдыгына арналган иш чаралардын алкагында Молдованын Президенти Игорь Додон менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жолдору, саясий диалогду өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды. 

Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелер жана интеграциялык биримдиктин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

2018-жыл 30-октябрь Стамбул