Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын Президенти Джоко Видодого Индонезияда кыйраган учактын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көнүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого Индонезиянын Ява аралынын  батыш жээгинде Boeing 737 учагынын деңизге кулап түшкөнүнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көнүл айтты.

«Индонезия Республикасынын Ява аралынын батыш жээгинде Boeing 737 учагынын деңизге кулап түшкөнүн натыйжасында, көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына азасын тең бөлүшүү менен көңүл айтам», — деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

2018-жыл 29-октябрь