Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Бүткүл союздук Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун 100 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдоду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда, Бүткүл союздук Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун 100 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештер!

Урматтуу достор!

Бүгүн Бүткүл Союздук Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун (ВЛКСМ) 100 жылдыгы.

Комсомолдун мектебинен СССРдин жарандарынын бир нече муундары өттү. Бул өлкө тарыхындагы бир өзгөчө доор болуп калды. Ал кезде комсомолдук ири курулуштарда миллиондогон жаштар эмгектенип, завод-фабрикалар, ирригациялык объектилер, суу сактагычтар курулуп, шаарлар жана айылдар өнүккөн.

Эң жакшы уюшкандык, жамаатчылык, жоопкерчилик,  адептүүлүк жана чыныгы патриотизм комсомолдун күчтүү жактары болгон. Өлкөбүздүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин дээрлик көпчүлүгү комсомолдо такшалып, уюштуруучулукка үйрөнүшкөнү бекеринен эмес.

Комсомол кыймылы Кыргызстанда билим берүүнү, илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө да өзгөчө салым кошту.

Турмуш бүгүн жаштар гана чече ала турган милдеттерди алдыга коюуда. Мисалы, санариптик IT-технологияларды жаштарыбыз мыкты өздөштүрө баштады.

Жаратман күч катары комсомол өз убагында ушундай алдыңкы, өлкөнүн тагдырын чечкен улуу иштердин чордонунда болгон. 

Мына ушул бай тажрыйбаны эске алуу менен азыркы жаштарды өлкөнү өнүктүрүүгө багыттаган реалдуу инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек.

Бүгүн Кыргызстанда жаштар саясатынын негиздерин түптөп жатып, комсомолдун мыкты тажрыйбасын эске алуу абзел.

Көпчүлүк азыркы кыргызстандык жаштар да мурдагы комсомолчулардай эле мекенчил адамдар жана алар сүйүктүү Мекенинде кызмат кылууга, өз өлкөсүнүн байманасын арттыруу үчүн иштөөгө даяр. Биздин милдет — жаштардын билимин, жигерин жана демилгесин өлкөнүн стратегиялык максаттарына багыттоо, аларга ишеним артып, таяна билүү, муундар ортосундагы биримдикти жана байланышты бекемдөө.

Урматтуу достор,

Комсомол биздин эсибизде күчтүү, өзүнүн масштабдуулугу жана жаштарды шыктандырып, мобилизациялоо мүмкүнчүлүгү боюнча бөтөнчө уюм, коомдун бардык чөйрөлөрүнө зор таасири бар жаштар бирикмеси катары сакталып калды.

Бардыгыңыздарды комсомолдун жүз жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

»Комсомол 100« уюштуруу комитетине жалпы өлкөдө тарбиялык мааниси өзгөчө болгон иш-чараларды өткөрүп жаткандыгы үчүн чоң ыраазычылык билдирем!

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакубатчылык жана албан ийгиликтерди каалайм!»

2018-жыл 29-октябрь