Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Чехиянын Президенти Милош Земанды Чехия Эгемендүү мамлекеттин түзүлгөн күнүнүн 100-жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президент Сооронбай Жээнбеков Чехия Республикасынын Президенти Милош Земанды Чехия Республикасынын мамлекеттик майрамы — Эгемендүү мамлекеттин түзүлгөн күнүнүн 100-жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Чехия Республикасынын мамлекеттик майрамы — Эгемендүү мамлекеттин түзүлгөн күнүнүн 100-жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Ар түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун позитивдүү динамикасын жана көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы өнөктөштүк өз ара аракеттердин жогорку натыйжалуулугун канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Биргелешкен күч-аракет менен, биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн, биз эки тарапка тең пайдалуу кыргыз-чехия мамилелеринин бардык комплексин мындан ары да өнүктүрүүнү камсыз кылабыз деп ишенем.

Сизге бекем ден-соолук, бакубаттуулук жана жогорку мамлекеттик кызматыңызда мындан аркы ийгиликтерди каалайм, ал эми достук Чехия элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм!», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

2018-жыл 28-октябрь