Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышуу үчүн Стамбулга учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп кетти.

Сооронбай Жээнбеков башка Мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышат.

2018-жыл 29-октябрь