Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жогорку соттун судьялары болуп шайлангандыгына байланыштуу Кыдык Джунушпаевдин жана Чинара Садырованын жергиликтүү соттордогу судьялык ыйгарым укуктары тартып токтотулду

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин З-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтуу сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу менен Джунушпаев Кыдык Карыбаевичтин Чуй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 23-майынан тартып жана Садырова Чинара Идрисовнанын Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 27-июнунан тартып токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2018-жыл 10-сентябрь