Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Түркия бизнесмендерин  Кыргызстандын экономикасына инвестициялоого чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия бизнесмендерин  Кыргызстандын экономикасына инвестициялоого чакырды. Бул тууралуу Мамлекет башчысы бүгүн, 2- сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк бизнес-форумунда белгиледи. Бизнес-форумга Кыргызстанда расмий визит менен жүргөн Түркия  Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган да катышты.

Эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын дараметин арттыруу, ошондой эле өз ара аракеттенишүүнүн келечегин аныктоо максатын көздөгөн бизнес-форумга Түркиянын жана Кыргызстандын ар кыл тармактарындагы алдыңкы компаниялары, тийиштүү мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоганга, делегация мүчөлөрүнө жана форумдун катышуучуларына кайрылып, мамлекеттерибиз ортосунда узак жылдар бою калыптанып, барган сайын бекемделип келаткан саясий өнөктөштүк бийик деӊгээлге жеткенин белгиледи.

»Эми экономикалык кызматташууга, биздин ишкерлерибиздин өз ара аракетине дем берүү мезгили келди. Мустафа Кемаль Ататүрк: «Бир дагы улут анын жашоосунун, бактысынын жана бакубаттуулугунун өзөгү болгон экономикасына көңүл бурбай кое албайт» деп айткан. Сиздин бүгүнкү бизнес-форумдун ишине катышканыңыз эки өлкөнүн бизнесмендеринин ортосундагы өз ара ишенимди жогорулатат жана биздин кызматташтыктын өнүгүшүнө жаңы түрткү берет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

»Бүгүн ушул залда өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнө маңдай тери, адал эмгеги менен чоң салым кошуп жаткан адамдар отурушат. Форумдун аудиториясынын басымдуу көпчүлүгүн эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү түзөт. Түркия менен өзгөчө ишеничтүү алакабыз бар. Боордош түрк өнөктөштөрүбүзгө дайыма эшигибиз ачык, алар менен жолугууга дайыма кубанычтабыз. Ушул жылдын апрель айында Түркияга болгон расмий иш сапарымдын жүрүшүндө соода, транспорт, айыл чарбасы, энергетика жана саламаттык сактоо жана пенсия менен камсыздоо жаатында бир катар макулдашууларга жетишкенбиз. Азыр кыргыз-түрк мамилелери жакшы темпте өнүгүп жатат. Эми эки тараптуу мамилелерди бекемдөө аркылуу ошол жетишкендиктер татыктуу уланат деген үмүттөбүз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал 1994-жылы башталган өлкөлөр ортосундагы соода көлөмү болгону 20 млн АКШ долларын түзгөнүн белгиледи. Жыл санап бул көсөткүч тездик менен көбөйүп отуруп, 23 жыл ичинде 18 эсе өстү жана былтыр 356 млн АКШ долларын түздү.

»Ошону менен бирге, мен соода жаатындагы кызматташтыгыбыздын дарамети толук кандуу колдонулбай жатат деп эсептейм. Ортодогу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча иш-аракеттерибизди күчөтүү зарыл. Бул максатта Кыргыз Республикасы экологиялык жактан таза органикалык продукцияны экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө даяр экенин белгилеп койгум келет. Ал Түркиянын улам кеңейип бараткан зор рыногунда өз керектөөчүсүн таба алат деп ишенем», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, өлкөлөр ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө. Эгемендик жылдары Кыргызстанда түрк капиталынын катышуусу менен жүздөгөн долбоорлор ишке ашырылган. Кыргыз жергесинде бардыгы болуп 600дөн ашуун биргелешкен кыргыз-түрк ишканалары иштеп жатат. Түркиядан Кыргызстанга 1995-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин 500 млн АКШ долларынан ашуун суммадагы түз инвестициялар тартылган.

»Ошентсе да, бул көрсөткүч биз үчүн чек эмес экендиги айкын. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн абдан жагымдуу шарттар бар. Азыр өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча системалык чаралар ишке ашып жатат.Андан сырткары өлкөбүздө фискалдык реформалар аркылуу региондогу эң либералдуу салык режим түзүлдү. Кыргызстандагы салык ставкалары Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытайдагы ставкаларга салыштырганда бир топ төмөн.Мисалга алсак, Кыргызстанда Кошумча нарк салыгы  — 12 пайызды, пайдага салык — 10 пайызды,  киреше салыгы 10 пайызды түзөт. Ал эми соода-логистика борборлору жана машина-трактордук станциялар пайда салыгынан толук бошотулду», — деп белгиледи  Президент.

Ал ушул жылдын сентябрынан баштап  Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба чийки заттарын кайра иштеткен ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга азаят. Башкача айтканда, анын көлөмү 2,4 пайызды гана түзөрүн белгиледи. Региондорду өнүктүрүү максатында «өнөр жайына жеңилдетилген салык салуунун преференциалдуу түрлөрү» деген түшүнүк киргизилди. Ага ылайык, Өкмөт аныктаган региондордогу калктуу пункттарда ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейин кыймылсыз мүлккө жана жерге салык төлөөдөн толук бошотулушуат.

Кыргыз Республикасы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, энергетика, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, туризм тармактарына артыкчылык берет.

»Инвестициялык мыйзамдарды либералдаштыруу, бизнестин ишмердүүлүгүнө киришүү мүмкүнчүлүгүн чектөө жана келишим укугун сактоо боюнча реформалар мындан ары да ишке ашырылат.Түзүлүп жаткан шарттардын туруктуулугуна өзгөчө көңүл бурулган. Салыктар боюнча «туруктуу режим» опциясы иштейт. Жаңы ишканалар 3 жылга текшерүүдөн бошотулган. Өлкөдө эркин валюталык режим иштейт. Чет элдик валютаны сатууга жана сатып алууга, капиталды алып кирүүгө жана алып чыгууга эч кандай чектөө жок. Технологиялык жабдууларды импорттоо бажы төлөмдөрүнөн бошотулган.

Чет элдик инвесторлор кымбат эмес жана квалификациялуу жумушчу күчтү жана арзан электр кубаттуулугунан пайдалана алышат.

 «ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанда электр энергия тарифи эң төмөн — юридиалык тараптарга 3,17 цент, жеке адамдарга — 1, 44 цент. Айта кетчү нерсе, Кыргызстанда 58 мамлекеттин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим бар. Алардын ичине Түркия мамлекети да кирет», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле бизнес үчүн маанилүү  жагдайларга токтолду. Биринчиден, Кыргыз Республикасы материктин негизги соода каттамдарынын кесилишинде жайгашкан. Бишкектен учак менен учкандагы үч сааттык жолдун радиусунда жер шаарынын калкынын дээрлик 50 пайызы жашайт. Кыргызстандын транзиттик дараметин пайдалануу максатында транспорт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга кириштик. Алардын катарында автомобиль жана темир жол байланыштарын кеңейтүү, авиаташуулар рыногун өнүктүрүү, соода-логистикалык хабдарды түзүү боюнча долбоорлор бар.

Экинчиден, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болуп саналат. Бул биримдиктин алкагында 183 млн адам жашайт. ЕврАзЭСке мүчө болуу кыргызстандык өндүрүшчүлөргө Россиянын, Казакстандын, Беларустун жана Армениянын аймагында товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин айлануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Тарифтик жана тарифтик эмес чектөөлөр алынып салынды, буга байланыштуу Кыргызстанда өндүрүлгөн товар үчүнчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарларга караганда чоӊ артыкчылыктарга ээ болот. ЕАЭБ алкагында бүтүндөй бир региондо — Нарын облусунда өзгөчө эркин экономикалык зонаны түзүүгө болот. «Түркиянын тажрыйбасын эске алуу менен түрк бизнесинин катышуусундагы эркин экономикалык зоналарды түзүүгө болот деп эсептейбиз», — деп белгиледи Президент.

Үчүнчүдөн, 2016-жылы Кыргызстан Евросоюздун ВСП+ статусуна ээ болгон. Бул Кыргызстандын өндүрүүчүөрүнө 6 миӊден ашык товардык позиция боюнча нөл тарифтик ставкасы менен экспорт жасоого мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасында ишкерлик кылгысы келген түрк бизнесинин өкүлдөрүн Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

»Кыргызстан сиздердин бизнес ийгиликтүү болушу үчүн бардык шарттарды түзүп берет. Биз үчүн түрк капиталын гана эмес, алдыңкы түрк компанияларынын технологияларын тартуу да артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Бүгүнкү форум жаңы тармактарда кызматташууга жана өз ара пайдалуу келишимдерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк берери шексиз.Жакынкы жылдарда Кыргызстандын экономикасындагы түрк капиталынын көлөмүн биргелешип көбөйтө алабыз деп ишенем», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана сөзүнүн аягында Президент Режеп Таип Эрдоганга  өлкөбүзгө жасаган иш сапары үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

2018-жыл 2-сентябрь