Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бир катар өлкөлөрдүн Президенттери  Кыргызстан элин жана  Президент  Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бир катар өлкөлөрдүн Президенттери  Кыргызстан элин жана   Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Тактап айтканда  Сооронбай Жээнбековдун дарегине  Португалиянын Президенти  Марселу Ребелу де Соуза, Мальтанын Президенти  Мари-Луиз Колейро Прека, Чехияны Президенти Милош Земан, Тунистин Президенти Бежи Каид Эссебсиден куттуктоо телеграммалары келип түштү.

Куттуктоолордо  Мамлекет башчылары Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалашты.

2018-жыл 31-август