Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Швейцариянын Президенти Ален Берсет Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Швейцариянын Президенти Ален Берсет Кыргызстандын элин жана  Кыргыз  Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Швейцария Федералдык Кеңешинин атынан  жана өзүмдүн атыман улуу урматтуу Сизди,  Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм.  Сиздин өлкөгө  бакубатчылык жана  гүлдөп өнүгүү, Сизге  ден-соолук жана ийгиликтерди  чын дилимден каалайм.

Швейцария Кыргыз Республикасы  менен өз ара ишенимди   жана достукту өнүктүрүү ишине  берилген  деп  ишене бериңиздер. Болочокто бул  мамилелер чыңдалышын чыдамсыздык менен күтөбүз.

Улуу урматтуу Сизди  терең урматтоомду билдирем», -деп белгиленет Швейцариянын Президентинин куттуктоосунда.

2018-жыл 31-август