Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Франциянын Президенти Эммануэл Макрон Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Франциянын Президенти Эммануэл Макрон Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын улуттук майрамына байланыштуу жеке өзүмдүн жана француз элинин атынан чын ниетимен Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү жана бакты-таалай каалоону уруксат этиңиздер. Бир жылга жетпеген убакыт мурда демократиялык шайлоонун натыйжасында сиздин Президент болуп шайланышыңыздан кийин мен Кыргызстандын Борбордук Азиядагы саясий жана экономикалык туруктуулугуна болгон багытын кубаттайм жана буга Франция чоң маани берет. Биздин өлкөлөр ортосундагы эң сонун саясий мамилелер баардык деңгээлде уланат деп ишенем. Сиз Европага келгенде же эл аралык саммиттерге катышканда мүмкүнчүлүк түзүлөөрү менен сиз менен жолугушсам  абдан жакшы болоор эле. Франция Кыргызстандын жаңылануусуна, натыйжалуу башкаруусуна жана экономикалык өнүгүүсүнө  багытталган долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтөт деп ишендирем. Президент мырза, менин сизге болгон эң бийик урмат-сыйымды билдирем», — деп Эммануэл Макрондун телеграммасында белгиленген.

2018-жыл 31-август