Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сизди жана Кыргызстандын жалпы жарандарын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм.

1992-жылы биздин элчилик Бишкекте ачылгандан бери биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу байланыш ырааттуу өнүгүп жана бекемделип келе жатат.  Германия өнүктүрүү максатындагы кызматташык жаатында Кыргызстандын эки тараптуу ири донорлорунун бири. Биз саясий диалогду өнүктүрүү жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө мындан ары да  умтулабыз. 

2010-жылдан бери Кыргызстан парламенттик демократия жолуна түшүп, ийгиликтүү илгерилеп жатканына кубанычтамын. Бул багытта Кыргызстан алдыда дагы Германия Федеративдүү Республикасынын колдоосун эске алса болот"-деп белгиленет куттуктоодо.

Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстан элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

2018-жыл 31-август