Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кореянын Президенти Мун Чжэ Ин Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Ин Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кирип келген Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө Сизге жана Кыргызстан элине жылуу куттуктоо жолдогум келет. Мен ушул убакытка чейин эки өлкө ортосундагы түрдүү тармактар боюнча өнүккөн кызматташтык жана достук тыгыз мамиле алдыда дагы тереңдеп, келечекке умтулган өз ара пайдалуу  болот деп терең ишенем. Бул биздин эки өлкөнүн жарандарына бакыт тартуулап, бакубатчылыгын арттырат ошондой эле биздин элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү тереңдетет деп ишенгим келет», -деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Мун Чжэ Ин Президент Сооронбай Жээнбековго ден-соолук жана ийгилик ошондой эле Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү каалады.

2018-жыл 31-август