Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халиф бин Зайед Аль-Нахайян Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халиф бин Зайед Аль-Нахайян Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Эгемендүүлүк күнү менен Сизди жана Кыргыз элин куттуктап, өзүмдүн чын жүрөктөн чыккан каалоо тилектеримди билдирүү мага чоң кубаныч тартуулайт. Ошондой эле Кыргызстан элине бир тууган Бириккен Араб Эмираттарынын элинин кубанычын жеткирип коюңузду өтүнөм», — деп айтылат БАЭ Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Халиф бин Зайед Аль-Нахайян Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук, бакыт жана ийгилик ал эми кыргыз элине гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалады.

2018-жыл 31-август