Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ирандын Президенти Хасан Рухани Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен Сизди жана Кыргызстан элин чын жүрөктөн куттуктайм.

Эки өлкөнүн Президенттеринин  жана бийликтеринин эрки менен өз ара сый жана жалпы кызыкчылыктарга негизделген саясий, экономикалык жана маданий тармактарда достук мамилебиз өнүктү жана кеңейди. Менин декабрь айында Бишкекке жасаган иш сапарымдын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу мамиленин тереңдешине жана кеңейишине күбө болобуз деп ишенем. Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасы менен болгон мамилесин өнүктүрүүдө эч кандай тоскоолдук  жок экенин баса белгилегим келет», -деп айтылат куттуктоодо.

Ирандын Президенти Хасан Рухани Президент Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук жана ийгилик ал эми Кыргызстандын Өкмөтүнө жана элине гүлдөп өнүгүү жана бакыт каалады.

 

2018-жыл 31-август