Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

АКШнын Президенти Дональд Трамп Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти  Дональд Трамп  Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Америка Кошмо Штаттарынын атынан Сизди жана Кыргыз Республисынын жалпы элин 31-августта белгиленген Эгемендүүлүктүн 27-жылдыгы менен куттуктайм. Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендүүлүгүн майрамдоо маалында 2018-жылдын сентябрь айында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү кубанычтуу окуясына байланыштуу дагы  биз эң жылуу тилектерибизди билдиргибиз келет.

Акыркы жыйырма жети жылдан бери биздин өлкөлөр өз ара пайдалуу кызматташтык сый жана өнөктөштүк мамиледе болуп келет. Алдыга кадам шилтөө менен биз Кыргыз Республикасына жана жалпы эле Борбордук Азияга пайда алып келе турган регионалдык кызматташууга салым кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. АКШ менен Кыргыз Республикасынын элинин гүлдөп өнүккөн жана коопсуз келечеги үчүн биздин бекем достугубузду улантабыз деп ишенем», -деп белгиленет АКШнын Президенти Дональд Трамптын  куттуктоосунда.

2018-жыл 31-август