Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен учуп кетти, Мамлекет башчысы ошондой эле Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 23-августта  Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен учуп кетти. Мамлекеттик сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңири курамда жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.

Андан  кийин Президент Сооронбай  Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп барат.

 

2018-жыл 23-август