Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти  Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Кыргыз  Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Дүйнөнүн баардык мусулмандары үчүн даңктуу жана жаркын күн болгон Курбан айт майрамында  жогорку мартабалуу Сизге жана бир тууган Кыргызстан  элине чын дилимден куттуктоолорумду жана каалоо тилектеримди билдирем.

Жакшы кошуналыкка, өз ара урматтоого  негизделип, кылымдардан бери өнүгүп келе жаткан эки тараптуу мамилелерибиз биргелешкен аракеттин аркасында болочокто мындан дагы  бийик деңгээлге чыгат деп терең ишенем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Сизге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай,  мамлекеттик жоопту ишиңизге жаңы ийгиликтерди,  ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык,  прогресс жана  гүлдөп өнүгүү каалайм», -деп айтылат Өзбекстандын Президентинин куттуктоосунда.

2018-жыл 21-август