Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.
«Бийик мартабалуу Сизди Курман айт майрамы менен куттуктап, чын жүрөктөн чыккан каалоолорумду билдириш мен үчүн абдан жагымдуу.
Бул майрам Сизге бакыт-таалай, бекем ден-соолук, Сиздин бир тууган элиңизге бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү, биздин араб жана ислам элине даңк жана улуулук алып келсин деп амири күчтүү Алла Тааламдан тилейм», -деп белгиленет Бириккен Араб Эмираттарынын Президентинин куттуктоосунда.

2018-жыл 21-август