Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун мурдагы башкы катчысы Кофи Аннандын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы башкы катчысы Кофи Аннандын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерришке көңүл айтты.

«Замандын белгилүү инсандарынын бири — Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы башкы катчысы Кофи Аннандын дүйнөдөн өткөндүгү тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кофи Аннан бүт өмүрүн Бириккен Улуттар Уюмуна арнап, анын ишмердүүлүгүн реформалоого, адам укуктарын сактоо иштеринде БУУнун ролун бекемдөөгө зор салым кошту. Анын эмгеги 2001-жылы тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына татыган.

Кыргыз Республикасынын эли Кофи Аннанды тынчтыкты чыңдоо жана Бириккен Улуттар Уюму менен биздин өлкөнүн ортосунда кызматташууну өнүктүрүү ишине зор салым кошуп, эң жогорку мамлекеттик сыйлык — биринчи даражадагы „Манас“ орденине татыган кесипкөй дипломат жана досубуз катары эсинде сактап калат. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атыман Кофи Аннандын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына, БУУ системасынын жалпы жамаатына жана ошондой эле Гана Республикасынын элине жана Өкмөтүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2018-жыл 20-август