Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.
«Улуу урматтуу Президент мырза, кымбаттуу боордошум! Исламдын улуу майрамы — Орозо айт менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ушул ыйык майрам Ислам ааламына жана бүткүл дүйнөгө тынчтык жана бейпилдик алып келишин тилейм. Учурдан пайдаланып, Түркия элинин жана өзүмдүн атыман Сизге ден-соолук, боордош Кыргызстан элине бакубат жашоо жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп белгиленет Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоо телеграммасында.