Президент Алмазбек Атамбаев «Айыл чарба багытындагы жерледи башкаруу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамда белгиленген элет жеринде эки жылдан кем эмес туруктуу жашаган жарандар гана айыл чарба багытындагы жердин ээси болушу мүмкүн деген талап алынып салынды.

Мындан тышкары, айыл чарба багытындагы жерлер банктардын жана адистешкен финансылык-кредиттик мекемелердин менчигинде болуу мөөнөтү бир жылдан үч жылга чейин узартылат.

Бул ченем “Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” Мыйзамдын банк тарабынан сатып алуунун же мурда берилген кредиттерди камсыз кылуу максатында менчигинен ажыратуунун же өткөрүп берүүнүн натыйжасында алынган кыймылсыз мүлк, эгерде мыйзам тарабынан башкасы белгиленбесе, банк тарабынан үч жылдан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес деген талап белгиленген 32-беренесинин жоболору менен айкаштырылган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү